WhatsApp Image 2024 09 23 at 12.26.00
8 / 100

Ысык-Көл районунда катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдерден келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү боюнча Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан үзгүлтүксүз иштер жүрүүдө.
Тактап айтканда, Садыр аке айыл аймагындагы «Кумбель» чарба аралык каналынын 9700м аралыгына кум шагыл толуп калган, учурда атайын техника тартылып шилендилерден тазалоо жумуштары аткарылып, 7200м аралыгы тазаланып, иштер уланууда. Ошол эле айыл өкмөтүндө жайгашкан «2-Западный», «3-Восточный» каналдары жабыркап, калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады.
Ал эми, Абдрахман айыл аймагында жайгашкан башкармалыктын карамагындагы «5-Восточный», «2-Восточный», 2-Западный» каналдары райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шилендилерди тазалоо жумуштары аткарылып, аягына чыгып, сугат суу берилүүдө. Башкармалыкка тиешелүү 6 канал, 1 гидропост жабыркаган. Жалпысынан 10650м аралыктагы канал арыктарга кум-шагыл, шилендилер толуп, бүгүнкү күндө 8150м аралыгы тазаланып, кабылына келтирүү иштери уланууда.

Loading

От admin