8 / 100

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупционерлерди абакка отургузуп, алардын жакындарынын мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу сала турган мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Бул боюнча саясий серепчи Чолпонбек Сыдыкбаевдин пикирин уктук.

«Бул мыйзамдын демилгеленип, даярдалып жатканы жакшы көрүнүш. Саясий чечим, саясий бекем эрк менен кылынып жаткан иштер укуктук жактан таризделгени маанилүү. Тээ эгемендик алгандан бери бизде коррупция чайлап-коолап өнүгүп отуруп, керек болсо мамлекеттик институттар менен коюн-колтук алышып кеткен. Кай бир учурда тирешип да калган. Мамлекет деген денеден бул залалдуу шишикти тазалоодо Камчыбек Ташиев эрдикке тете иш кылып жатат. Борбордук Азияда коррупцияны изилдеген европалык Й.Энгвалдын «Кыргызстанда коррупция көрүнүш эле эмес, мамлекетти башкаруунун ыкмасына айланып калыптыр», — деп айтканы бар. Көрдүңүзбү, бул не деген масштаб», — деди ал.

Loading

От admin