images 1
9 / 100

Кыргызстандын энергетика тармагына 2023-жылдын 1-августунан 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды. Мындай сунушту бүгүн, 20-июлда энергетика министри Таалайбек Ибраев Министрлер кабинетинин жыйынында айтты.

Ал мындай сунушка Нарын дарыясындагы суунун аз болушу, электр энергиянын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирди.

«Быйыл электр энергиянын таңкыстыгы 3 млрд кВт/саат болсо, кийинки жылдары бул көрсөткүч өсөт. 2026-жылга чейин дефицит 5-6 млрд кВт/саатка барып калышы мүмкүн», — деди Ибраев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орун басары Бакыт Төрөбаевге бүгүн-эртең анын колуна президенттин жарлыгын алып келүүнү тапшырды.

«2021-жылы энергетика тармагына 6,5 млрд сом берсек, быйыл 22 млрд сом бердик. Кошуналар менен жакшы мамиледе болгонубуз үчүн товар алмашуунун аркасы менен кырдаалдан чыгып кеттик. Бирок коронавирус сыяктуу… Чыгышта эмнелер гана баштан өтүп жатат. Тартыштык, климаттык өзгөрүүлөр болсо, биз тап-такыр электр энергиясы жок калабыз. Ошодуктан Энергетика министрлигине өзгөчө ыйгарым укуктарды беришибиз керек», — деди А.Жапаров.

Булак: Акипресс

Loading

От admin