e3495a5e 94e7 4f15 aaab e1114ec9e62c
8 / 100

Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери алдын ала ыкчам маалыматтардын негизинде дары-дармектерди мыйзамсыз ташыган жаранды аныктап кармашты.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстандын жараны 51 жаштагы Х.А. менен Лейлек районунун тургуну 37 жаштагы Э.М. өз ара акча табуу максатында алдын ала сүйлөшүп алышып, эч кандай документи жок мыйзамсыз дары-дармектерди Тажикстандан Кыргызстанга киргизишкен. Коңшу мамлекеттин жараны 51 жаштагы Х.А. Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Э.М. аттуунун автоунаасына түн ичинде жүктөп жаткан жеринен кармалган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жогорудагы фактылар боюнча топтолгон материал караштуулугу боюнча УКМКга жөнөтүлдү.

Loading

От admin