Кечээ, 19-июлда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды. Маалыматты УКМКнын Басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалды. Ал КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.