4I4A1654
10 / 100

Бишкек шаарында, Улуттук тарых музейде, кытайлык кыргыздар негиздеген «ЭТНОСТАН» маданий борборунун демилгеси менен «Миң жылдар мурастаган КыргызКытай достугу» аталышындагы, Кыргыз-Кытай достугуна, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына, Кытайдын, Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз Автономдуу облусунун 70 жылдыгына, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган маданий иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун, Тил коомунун жетекчиси Раимжан Курбанов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров, окумуштуулар, журналисттер, бир катар белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер менен маданий кызматкерлер жана жаштар катышты. Иш-чаранын башталышында С. Касмамбетов менен КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым, жыйынга катышып жаткандарды удаалаш келген кош майрамдар менен куттуктап, эки өлкөнүн достугу жана кызматташтыгы тууралуу кеңири сөз сүйлөштү. Кыргыз-Кытай ортосундагы гуманитардык, инвестициялык жана маданий багыттагы кызматташтыктардын жыл сайын өнүгүп жаткандыгын баса белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө атайын даярдалган роликтер көрсөтүлүп, Манас айтылып, акындар төгүп, күү чертилип, баяндама жасалып, эки өлкөнүн майрамдарыма жана достукка арналган кыргыз-кытай тилиндеги белгилүү чыгармалар жаңырды.

Иш-чаранын соңунда, “Эки элдин, 2000 жылдан ашуун тарыхы бар, муундан муунга мурас калып, доорлорду карыткан достугу даңазаланып жаткан кубанычтуу күндө, бизди бир дарекке бириктирип турган достук майрамы менен баарыңыздарды куттуктайм! Ал эми, достук мамилерлердин өлбөс өрнөктөрүнө көпүрө болуп жүргөн урматтуу Ду Дэевен айымды жана Кытай Эл Республикасынын президенти Ши Жинпиң мырзаны баш кылып, жалпы Кытай элин, Кытай Эл Республикасынын 75 жылдыгы, Кытайдын Шинжаңдагы Кызыл-Суу Кыргыз Автономдуу Облусунун 70 жылдыгы жана башка бардык майрамдары менен куттуктайм! Ошондой эле, урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичти баш кылып жалпы Кыргыз элин Эгемендүү Кыргыз Республикасынын 33 жылдыгы жана анын башаты катары бааланган Кара-Кыргыз Автономдуу Облусунун 100 жылдыгы менен куттуктайм! Тарыхы терең эки элдин, тамыры терең достугунун доору бүтпөй, өзөгү бүтүн болуп, келечекке багытталган, өнүгүүгө өбөлгө түзгөн өнөктөштүгүнүн түбөлүгү түз болсун! Достуктун ыры ырдалып, бакытка балкып, кубанычка куунап бар бололу. Миң жылдар мурастаган Кыргыз-Кытай достугу, мындан ары дагы улуу сапарын улай берсин. Түмөн жашап, түбөлүктүү болсун!” — деди этностан маданий борборунун жетекчиси Каныбек Толкун уулу.

«Этностан» маданий борбору 2021-жылы кытайлык кыргыз Каныбек Толкун уулунун демилгеси менен негизделген. Бирикменин максаты маданий-гуманитардык
байланыштарга көпүрө болуу. Этникалык кыргыздарды колдоо, маданиятын таанытуу жана жайылтуу.

4I4A1664
4I4A1637
4I4A1643

Loading

От admin