screenshot 11 6 469x375 1
8 / 100

Чүйдүн Аламүдүн районунда эки айылдаштын спирт ичимдигин ичиши бирөөсүнүн өлүмүм менен аяктады. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 13:00 чамасында Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылындагы мүрзөдө 1959-жылы туулган кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Анын киши колдуу болгону аныкталган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун 10 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жатканы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкени аныкталып, чырдын кесепетинен жаран өзүн коргоо максатында бөтөлкөлөшүнө эки жолу бычак сайган. Андан соң сөөктү христиандардын мүрзөсүнө сүйрөп барган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Loading

От admin