dcdcds
9 / 100

Социалдык тармактарга Токмок шаарындагы мектептердин биринде классташы тарабынан ур-токмокко алынды деген окуучу кыздын ата-энесинин кайрылуусу тараган. Бул боюнча Чүй ОИИБден маалымат беришти. 

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 18:47 чамасында Токмок шаардык ооруканасынын Токмок шаарынын №2 мектебинин 6-классынын окуучусу жеткирилген. Ага мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюлган. Кызга биринчи жардам көрсөтүлгөн соң, үйүнө жөнөтүлгөн. Кыздын айтымында, математика сабаганда аны классташ баласы сабап салган.

Бул факты Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери башталган. Материалдын негизинде бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Учурда материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы жана материал боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча талапка ылайык чечим кабыл алынат. 

Loading

От admin