7R9A9398 scaled
7 / 100

«Манас» эл аралык аэропорту 1989-жылы 23-сентябрында кабыл алынган мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.  
Бул тарыхый окуя элдин башын бириктирүү менен бирге, эне тилдин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстандын келечегине жол ачты.
Мамлекеттик тилге арналган майрамдык иш чаранын алкагында улуттук каада-салттан баштап, күнүмдүк турмуштагы кыргыз тилин колдонуу чеберчилигин көрсөткөн аэропорттун кызматкерлеринин күчү менен даярдалган номерлер көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкыштарга арзыды.  
Ошондой эле, иш чарада маанилүү тарыхый  окуялар чагылдырылды. Алсак, XIX кылымдын аягында кыргыз тили үчүн араб  жазуусунун негизинде биринчи алфавит түзүлгөндүгү, ал эми кийинчерээк 1928-жылы латын алфавити колдонууга киргизилгендиги жана  1940-жылы гана кыргыз тили биротоло кириллицага өтүп, маанилүү тарыхый өзгөрүү тууралуу маалыматтар келтирилди.
  Манасбек Самидинов өз кезегинде, «Манас» эл аралык аэропортундагы көрнөк-жарнактардан баштап жетектөөчү иш кагаздар «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» Конституциялык Мыйзамынын бардык талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүп жатат. Ички жана тышкы чогулуштар, сүйлөшүүлөр дагы кыргыз тилинде жүргүзүлүп, өз тарабыбыздан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон салымыбызды кошуп жатабыз.

Казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч калышпаган улуттук тилибизди сактап, өркүндөтүп, кийники урпактарыбызга өткөрүп берүү биздин парзыбыз экендигин эсибизден чыгарбайлы!” – деп  билдирди.

7R9A9763

Loading

От admin