авто 24kg 750x564 RU
5 / 100

13-сентябрда “Бакай Банктын” кеңсесинде “BakAi’дан белектер” акциясынын баш байгесин ээсине салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. 2024-жылкы жаңы BYD Yuan Plus электромобилинин жеңүүчүсү деп 23 жаштагы Жеңишбек Узакжанов табылды. Ал “Бакай Банктын” кардары болгонуна жарым гана жыл болгон.
Мен алгач “Белекке ээ болуу” баскычын баскандан кийин ал жактан эмне чыкканына маани берип деле караган эмесмин. Андан кийин жарым саат өткөн соң карап, машина экенин көрдүм. Башында ишенбей, байланыш борборуна чалдым, ал жактан утушту тастыкташты. Ошондо гана машина утуп алганымды түшүндүм. Биз үй-бүлөбүз менен баарыбыз аябай кубандык”,- деди жеңүүчү.
Акциянын жеңүүчүсүнө унаанын ачкычын “Бакай Банк” башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Марат Какеев салтанаттуу түрдө тапшырды.
“Бакай Банктын” айлана чөйрөгө кам көрүү баалуулугунун бир багытына жооп берген экологиялык заманбап автоунаанын ачкычын сыймык менен тапшырдык. Ушундай сонун белектерди кардарларыбызга сунуштай аларыбызга чын жүрөктөн кубанабыз. Бул акция кардарларыбызга сунуштай турган мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бирөө гана. Бирок эң башкысы мындай белектер менен катар, биз тейлөөнүн мыкты шарттарын жана эң мыкты тарифтерди сунуштоого ар дайым аракет жасап келебиз”
,- деп белгиледи ал.
“BakAi’дан белектер” акциясынын алкагында жеңүүчүбүз баш байгенин ээси болуп гана чектелген жок. Ал “Бакай Иншуренс” туунду компаниясынан Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисинин (ОСАГО) да ээси болуп калды. Ал бир жылга берилет жана 13-сентябрдан баштап ишке кирип, 2025-жылдын 13-сентябрына чейин жарамдуу болмокчу.
“Кооптуу жагдай жаралып калган учурда мүлк жабыркап кала турган болсо, камсыздандыруу компаниясы 150 миң сомго чейинки чыгымды жаап берет жана жабырлануучулардын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келсе, 300 миң сомго чейин каражат төлөнөт”,- деп билдиришти “Бакай Иншуренстен”.
Эске сала кетсек, “BakAi’дан белектер” акциясынын алкагында, баш байгеге коюлган автомобилдин ээсинен тышкары, дагы тогуз бактылуу кардар iPhone 15тин жеңүүчүсү катары табылышты!
BakAi’дын акциялары жана жаңылыктарынан кабардар болуп туруңуздар, алдыда дагы көптөгөн байгелер жана аларды жеңип алуу мүмкүнчүлүктөрү бар!

Loading

От admin