520bdcf5 f15d 43b7 9272 fc56dbcdcf83 e1725083136641
8 / 100

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, “Кыргызалтын” ААКнын өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу цехин ишке киргизүү аземине катышты. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашат. Өндүрүштүк кубаттуулугу — айына 14 000 даанага чейин куйма чыгаруу.

Өндүрүштө Италия жана Германиядан келген алдыңкы технологиялар жана заманбап жабдуулар колдонулат, алар сувенирдик тыйындарды, медалдарды, ар кандай татаалдыктагы жана көлөмдөгү ордендерди чыгарууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу бул биринчи ишкана.

Мамлекет башчысы өндүрүш процесси менен таанышып, жаңы цех өлкөгө баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда өз позициясын бекемдөөгө, ошондой эле атамекендик өнөр жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул ишкананы ишке киргизүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү кадам болорун баса белгилеп, 5-сентябрга чейин өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алууну каалагандарга сатууну камсыз кылууну тапшырды.

Loading

От admin