2261397.92dd47caf247163835eb9219216e76e1
9 / 100

«Биз туруктуу өнүгүүнү узак мөөнөттө сакташ үчүн 2030-жылга ички дүң продукциянын көлөмүн 30 млрд АКШ долларына жеткиребиз деген дымактуу максат коюп жатабыз», — деди президент Садыр Жапаров Кеминдеги «Терек-Таш» клинкер заводунун ачылышында.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – ички дүң продукциянын орточо өсүү темпи акыркы үч жылда 7 пайыздан кем болгон жок.
«Алсак, 2024-жылдын январь айынан июль айына чейинки мезгилде экономиканын өсүү темпи 8,7 пайызга чейин чыгып, 677 млрд сомду түздү.

Өлкөнүн бюджети олуттуу өсүштү көрсөтүп, акыркы үч жылда 2 эсе көбөйдү. 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 млрд сомго жетти. 2024-жылдын соңуна чейин 650 млрд сомдун чегинен өтөрүнө ишенем.

Ошону менен бирге, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттө сакташ үчүн биз 2030-жылга ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 млрд АКШ долларына жеткиребиз деген дымактуу максат коюп жатабыз.», — деди өлкө башчысы.

Loading

От admin