2797439.90f0d925ac24e4e3d4cb79009a017c36
8 / 100

Президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк күнүндө чет элдик ырчылар келет деген маалыматтын айланасында талкууланган суроолорго жооп берди.

“Кабардын” журналисти өлкө башчыдан “Ырчылар чындап эле акысыз ырдап берели дештиби?” деп сураган.

“Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан ким экенин, бул өлкө каякта экенин билбеген чет элдиктер көп болчу. Азыр эми силердин көз карандысыздыгыңарды куттуктап эли журтуңарга концерт тартуулап кетели дегендерди кубануу менен тосуп албайлыбы”, — деген Жапаров.

Ошондой эле ал соцтармактагы талаш-тартыштарга жооп берген.

“Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей койот дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келери күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз”, — деген президент.

Loading

От admin