15882367 307
9 / 100

2020-ж. мамлекеттин консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сом эле, өткөн жылы 577,2 млрд сомдон ашып, быйыл 2024-жылы 660 млрдга жеткирүү планы коюлган.

Кумтөр алтын кени чет элдиктерден — кыргыз элине кайтарылды.

“Камбар Ата 1” ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталды.

Балыкчы-Кочкор темир жолунун 40 чакырым курулушун бүтүрдү.

Мык чыгарган заводубуз жок эле, быйыл машине чыгарган завод ишке кирди. Мыктарды чыгарылып тонналап экспортко кетип жатат.

2024-жылы 100 өндүрүштүк ишканаларды, завод-фабрикаларды, ишке киргизүү планы коюлуп, жарымы иштеп баштады, калганы жыл соңуна чейин ишке киргизилет.

Таласта 25 МВт “Бала-Саруу” ГЭСи бүттү, аймактарда чакан ГЭСтер курулуп арты-артынан ишке берилип жатат.

Аймактарда аэропорттор курулду, мамлекеттик авиакомпания ачылып, жаңы самолетторду сатып алдык. Эми элдер 7 облусту байланыштырган аба каттамы менен жүрүп калышат.

Аскердик техникалар жаңыланып, “Байрактар”, “Акынжы”, “Аксунгур” баштаган дрондорубуз элдин коопсуздугуна даяр.

ӨКМ тармагына жүздөгөн техникалар, тик учактар, шаарларга жаңы автобустар, айыл-чарба, жол курууга, энергетиктерге жаңы техникалар сатып алынды.

Бишкекте, облустарда ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, элди турак жай менен камсыздап жатат.
Парктар, туристтик жайлар, эс алуучу, ден соолукту чыңдоо багыттагы курулуштар биринин артынан бири бүтүүдө.

Аймактарды байланыштырган унаа жолдору, тоннелдер, шаар ичиндеги көчөлөр заңгырап жасалууда.

Кылмыш дүйнөсү түп орду менен жок кылынды, элди тоногон коррупционерлер тазаланды.

Бул жасалып жаткан жумуштардын бир гана чекеси, айта берсе сөз узак.
Мына ушундай натыйжалар элге үмүт берип, ишеним жаратты деп айтсам болот. Мамлекет эгемендик алгандан кийин таланган, токтоп калган, жок болуп кеткен тармактарга жан кирди, кыймыл башталды, өнүгүү темпи ылдамдады.
Азыр Кыргызстан буга чейинки алынган тышкы карыздын эң чоң пайыздык бөлүгүн төлөп жатат. Сыноолор көп, тоскоолдуктар бар, дүйнө тынч эмес. Бирок Президенттин командасы ушундай сыноо мезгилинде мамлекетти саздан алып чыгып, өнүгүү жолуна койду.
Мекенибизде жакшылыктар көп болсун!

Loading

От admin