img 7287
8 / 100

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягында Кыргызстандын авиатармагында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Атап айтсак, өлкө өз каражатына сатып алган Bombardier Dash 8 Q400 учагы ички каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташып баштайт. Учурда Талас, Казарман, Кербен аэрапорттору толук оңдоп-түзөө иштеринен кийин сертификациялоодон өттү. Ал эми Каракол, Нарын аэрапортторунда курулуш иштери аягына чыгуу алдында турат.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов билдиргендей, авиатармактагы реформалоого бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн эмес, “Манас” аэрапорту өзүнүнүн ички кирешеси менен коюлган тапшырманы аткарууда.

Президент Садыр Жапаров авиатармакка өзгөчө көңүл буруп, кыргыз авиациясын өнүктүрүү боюнча жарлыгын чыгарган. Өлкө башчысы аймактарга аба каттамдарды ачуу менен жол кырсыктарынын санын азайтып, билет бааларынын баасын азайтууга болорун айтып келет. Ошол эле маалда туризмди өнүгүшүнө дагы салым кошорун белгилеген.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2023-жылы 783 адам жол кырсыгынын кесепеттеринен каза болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ички каттамдары боюнча учак 27-сентябрдан тарта уча баштайт. Учурда Asman Airlines авикомпаниясынын тиркемесинде билет баалары Бишкектен Таласка — 2100 сом, Бишкектен Раззаков шаарына — 3300 сомдон сатылууда. Буга чейин аталган аймактарга жалгыз “Tez Jet” компаниясынын гана учактары каттап турган.

Loading

От admin