2799072.2244a06afbbd94d39f672935b116be6a e1724493569904
8 / 100

Кант шаарынын мэриясы Ысык-Ата дарыясынын жээгин тазалоого чыгышты. Бул тууралуу мэр Улан Малибашев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, мэриянын кызматкерлери президент Садыр Жапаровдун жаратылышка аяр мамиле жасоо демилгесин үлгү катары кабыл алышкан.
Ошентип, муниципалдык кызматкерлер «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” ураанын астында Ысык-Ата дарыясынын жээгин таштандылардан тазалоо менен Кыргызстандын жаратылышын келечек муундарга сактап калууга умтулушарын белгилешти.
Бул демилгени колдоо сунушун Кант шаарынын мэриясы Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аппаратына узатты.

Loading

От admin