IMG 20240823 WA0078
12 / 100

Бүгүн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде КУУнун PhD докторанттарынын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын апробациялоо боюнча Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Бул маанилүү иш-чарага Кытай, Казакстан, Түркия, Россия, Португалия жана Иран сыяктуу өлкөлөрдөн алдыңкы илимпоздор, изилдөөчүлөр жана докторанттар чогулду.

Конференциянын максаты – КУУнун PhD докторанттары тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү талкуулоо жана баалоо үчүн уникалдуу аянтчасын түзүү. Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн илимий иштери менен бөлүшүп, тажрыйба алмашууга жана ар кандай илимий тармактардагы алдыңкы адистерден баалуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүк алышты.

«Коонференциянын программасы докторанттардын баяндамаларын, панелдик талкууларын жана заманбап тенденциялар менен көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө жардам бере турган талкууларды камтыйт.Бул конференция эл аралык илимий байланыштарды бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү илимдин өнүгүшүнө түз таасирин тийгизет деп ишенебиз»,-дешет уюштуруучулар.

Loading

От admin