454012670 826353812970660 8318305358827736686 n
9 / 100

15-августта Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар күмүш медалынын ээси боксчу Мунарбек Сейитбек уулу, коло медаль тагынган күрөшчү Акжол Махмудов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу жана алардын машыктыруучулары Ошко барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Олимпиада оюндарынын катышуучуларын Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куттуктап акчалай жана жана баалуу белектер менен сыйлады.

Алсак Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынын мэриясынын атынан 3 бөлмөлүү батирдин ачкычы жана 1 млн сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2 бөлмөлүү батир жана 500 000 сом, дагы бир машыктыруучусу Оморов Турдалы Оморовичке 500 000 сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Loading

От admin