экрана 2024 09 12 092832
8 / 100

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргызстандык жаран Тайландда зордуктоого айыпталып жатканы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Мекеменин басма сөз кызматы 11-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны зордуктоого айыпталган кылмыш иши боюнча Тайланддын тиешелүү органдары тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги шектүү жаран менен байланышып, ага зарыл болгон укуктук-консулдук жардам берип жатат. Өлкөнүн Тайланддагы Ардактуу консулу көмөктөшүп жатканы кабарланган.

ТИМдин маалыматында кыргызстандык жаран кабылган иштин чоо-жайы тууралуу жазылган эмес.

Loading

От admin