538dcdb6 aa2a 4c92 a3d9 03fce16d5748
8 / 100

Кардарлардын ынгайлуулугу үчүн ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан»| MBANK товарларды MARKET кызматынан MPLUS аркылуу бөлүп төлөө менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизет.

Жаңы мүмкүнчүлүктүн аркасында кардарлар MPLUS кредиттик линиясын колдонуп, товарларды MARKETтен ашыкча төлөмсүз жана пайызсыз сатып алып, чыгымдарды бир нече айга бөлө алышат.

«MPlus бөлүп төлөө кызматын, MARKET кызматына интеграциялоо биздин кардарларга өз чыгымдарын ийкемдүү башкарууга мүмкүндүк берет. Биз бул чечим сатып алуу процессин дагы да ыңгайлуураак жана жеткиликтүү кылып, ашыкча кыйынчылыктарсыз бөлүп төлөөнүн ыңгайлуу пландарын сунуштайт деп ишенебиз», — деп кошумчалады, IT кызматтарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Рашидова Калиман.

Кантип бөлүп төлөөнү каттоо керек?

  • MBANK колдонмосун ачыңыз
  • MARKET кызматына кириңиз
  • Товарды тандап, аны себетке кошуңуз
  • Төлөмдү тандоодо “M+ алуу” баскычын басыңыз
  • Эгер сиз MPLUS колдонуучусу болбосоңуз, керектүү маалыматтарды киргизиңиз
  • Андан кийин, төлөмдү ырастаңыз

MPLUS кантип иштейт?

MBANK колдонмосундагы MPLUS кредиттик линиясы сатып алууларды үстөк пайызсыз жана бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берет.

  • Кредиттик лимитти алуу: Кредиттик лимитти алуу үчүн кардарлар жөн гана арызды толтуруп, алардын жеткиликтүү лимитин аныктай турган текшерүү процессинен өтүшү керек.
  • Бөлүп төлөө: Бүткүл алынган чекти MARKETтен  сатып алуулар үчүн колдонсо болот. Төлөм 3 айдын ичинде жүзгүзүлөт, кийинки айдан баштап, биринчи төлөмдөрсүз жүргүзүлөт.

Бөлүп төлөө шарттары

• 0% ашыкча төлөм: Сиз товардын баасын гана төлөйсүз, кошумча чыгымдарсыз.

• Бөлүп төлөө мөөнөтү: 3 ай.

• Буйрутманын минималдуу суммасы: 2000 сомдон баштап.

• Акысыз жеткирип берүү: Бөлүп төлөө менен товар сатып алууда жеткирүү акысыз.

Кошумча шарттар:

• Кэшбэк: Кэшбэк бөлүп төлөп, сатып алууда мүмкүн эмес экенин эске алыңыз, ал түз сатып алууларда гана жеткиликтүү.

• Жеткиликтүүлүк: Учурда бөлүп төлөө кызматы Бишкек шаарында гана MBANKтан MARKET аркылуу жеткиликтүү.

MPlus бөлүп төлөөнү  MARKET кызматына интеграциялоо кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.

Эми колдонуучулар ыңгайлуу шарттарда ыңгайлуу бөлүп төлөөнун аркасында, дароо чыгашалар жөнүндө кабатырланбастан, сатып алуулардан ырахат ала алышат. Бул жаңылануу финансылык башкаруунун ийкемдүү болушуна өбөлгө түзөт жана MARKETте шоппинг процессин бардык кардарлар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.

MBANK – Биринчи санарип!

Loading

От admin