47495
8 / 100

Кыргызстанда автоунааларды кайра каттоо учурунда милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) тууралуу токтомду Министрлер кабинети 9-августта кабыл алганы белгилүү болду. Токтом жарыялангандан тартып 15 күн ичинде күчүндө кирет.

Ага ылайык, унааны кайра каттоодо анын милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөнү тууралуу документ — ОСАГО полиси болушу абзел.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети 2015-жылдан бери ишке ашпай келет. Улам жылдырылып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек болгон. Өкмөт анын убактысын дагы жылдырып, 2024-жылдын 1-январына калтырган. Былтыр декабрда 2025-жылдын 1-январына чейин жылганы жарыяланган.

Ал эми Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана чет элдик ишканалар үчүн автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген. Башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары, юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары да 2023-жылдын апрелинен тартып машинесин милдеттүү түрдө камсыздандыра баштаган.

Автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) берүү лицензиясы 13 ишканага берилген.

Камсыздандыруу автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экени айтылган.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, автоунааларды камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом. Төлөм машиненин түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүлөт.

Loading

От admin