99b19f17 6c6e 42b1 83af a856aa96ced6
10 / 100

УКМК тарабынан 2024-жылдын 9-сентябрынан 10-сентябрына караган түнү “Иркештам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган 25 адам кармалды. Алар таасир үчүн күрөштө «Бажы инфраструктурасы» МИнин кызматкерлерин сабап салышкан.
Бажы чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Алай районунун аймагында бажы кызматын көрсөтүүдө ортомчулук кылган жергиликтүү тургундардан турган адамдардын тобу иштеп жаткандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, экономика тармактарындагы эффективдүүлүктү жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, жогоруда аталган жактар «Иркештам» алдын ала бажы процедурасы жерине (АБПЖ) карата бажы ишин монополиялаштырышкан жана КЭРден Кыргыз Республикасына импорттолуучу бардык товарларды көзөмөлгө алышып, аларды Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Каратай” Бажы тариздөөчү жерине чейин коштоону көзөмөлгө алышкан. Мындай аракет мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жараткан.
«Иркештам» көзөмөл-өткөрүү пунктунун режимдик объектисинин шартында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине (ортомчулар) тарабынан кол салуу фактысы боюнча, 2024-жылдын 10-сентябрында УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бажы кызматын көрсөткөн 25 адам кармалды.
«Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салуунун уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМКга жеткирилди.
Маалымат үчүн: бажы кызматынын кызыкчылыктарына анын ишинин натыйжалуулугун жана бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу, чарбакер субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы №237 токтому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.
Аталган МИ ишке киргизилгенден кийин, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана «ортомчулардын» ортосундагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, ошондой эле бажы жагындагы жол-жоболорго кошумча мамлекеттик контролду киргизүү аркылуу МИ өз алдынча бажы кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу функцияларын жөнгө сала баштады.
Деген менен, мындай демилге «ортомчулардын» ачык нааразычылыгын жаратты. Буга байланыштуу чагымчыл жаңжалдар уюштурулуп, бул «Бажы инфраструктурасы»мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин сабоого алып келди.

Loading

От admin