9 / 100

Социалдык тармактарда Орусиядагы кыргызстандык мигранттар ал жакта калган мекендештерин сойкулук менен алектенбөөнү талап кылган видео пайда болду.

Видеодо 30дай эркек Москвада интимдик кызмат көрсөткөн кыргызстандык кыз-келиндер көбөйүп жатканын айтып жатышат.

«Алардын айынан биз башыбызды бийик көтөрүп баса албайбыз. Ошондуктан биз эскертүү беребиз. Сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу маалыматтарды топтодук. Аларды видеого тартып, социалдык тармактарга жайгаштырабыз», — деди алардын бири.

Эркектер кыздардын жакындарына кайрылып, аларды көзөмөлгө алып, чындап эле эмне кылып жатышканын билүүгө чакырышкан.

Loading

От admin