WhatsApp Image 2024 06 25 at 15.55.03
9 / 100

УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусундагы Канаттуулар фабрикаларынын биринде КР визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 45 чет өлкөлүк жаранды (анын ичинен 12 Пакистан жана 33 Бангладеш жарандары) аныктады.
Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары депортацияланат.
Белгилей кетсек, УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.
__

Loading

От admin