WhatsApp Image 2024 06 25 at 15.17.52
10 / 100

Бүгүн, 2024-жылдын 23-июнунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөбүздө боорду ийгиликтүү трансплантациялоо операциясынан кийин биринчи донордун ооруканадан чыгарылганын билдирет. Акыркы 15 күндүн ичинде биздин адистер – хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдор боору трансплантацияланган бейтаптардын абалын кылдаттык менен көзөмөлдөштү.
Күнүмдүк эртең менен жана кечки текшерүүлөр, анын ичинде гемодинамикалык жана биохимиялык анализдер, ошондой эле УЗИ жана компьютердик томографиялык изилдөөлөр жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Донорлордун жана реципиенттердин боорлору ийгиликтүү иштеп жатат: реципиенттердин биринде трансплантацияланган боор 450-500 граммдан 800 граммга, экинчисинде 1 килограммга чейин өскөн, бул операциялардын оң натыйжасын көрсөтүп турат.
«Бүгүн биз боорунун бир бөлүгүн берген биринчи донорду үйүнө чыгарып жатабыз. Бул жасалган операциялардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун тастыктайт. Боорунун жарымын берген донорлор калыбына келтирүү мезгилинен ийгиликтүү өтүп, алардын тамырлары жана анастомоздору кадимкисиндей иштөөдө. Белгилей кетсек, бир бейтапка боорду алмаштыруунун баасы операцияга чейинки текшерүүлөрдү, операциянын өзүн жана андан кийинки реабилитациялык мезгилди кошкондо 50 миң АКШ долларын түзөт. Бул олуттуу чыгымдар Президенттик фонддун эсебинен жабылып, чет өлкөдө дарыланууга мүмкүнчүлүгү жокторго операция жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жапа чексе, анын жарымы трансплантацияга муктаж. Биз шайкеш донорлорду издөөнү улантабыз, анткени мыйзам боюнча программага туугандык донорлор гана катыша алат. Биздин донорлор менен реципиенттерди мисалга алсак, бир айдын ичинде боор калыбына келип, үч айдан кийин кайра калыбына келерин көрүп жатабыз.
Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарды операциянын кийинки этабына даярдоону улантууда, аны июль айында өткөрүү болжолдонууда. 15 адамдын ичинен төрт реципиенттин шайкеш донорлору бар, алар учурда операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышат.

Loading

От admin