
.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева баяндама жасап, өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү, социалдык тармактарды каржылоо, трансферттер, гранттар, капиталдык салымдар жана мамлекеттик карызды тейлөө боюнча маалымат берди.
Талкуу учурунда депутаттар бюджеттин долбооруна байланыштуу бир катар сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.
Жыйындын соңунда айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.



