
.
Бишкек шаарындагы коомдук транспорттун санын көбөйтүү зарыл. Калааны толук камсыздоо үчүн жалпысынан 2,5 миң автобус талап кылынат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда борбор калаада 1,5 миңден ашуун коомдук транспорт каттамдарга чыгып жатат. Бирок шаардын аймагынын кеңейиши жана жаңы конуштардын пайда болушу жүргүнчүлөрдү ташууга болгон суроо-талапты жогорулатууда.
Мэрдин белгилешинче, кошумча 600–650 автобус сатып алуу коомдук транспорттун жетишсиздигин жоюуга жардам берет.



