
Ысык-Көлдө мыйзамсыз берилген 1,9 га жер мамлекетке кайтарылды.
Ысык-Көл райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Ысык-Көл” туристтик пансионатына тиешелүү жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталды.
2004-жылы 1,9 гектар жер мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилгени белгилүү болду.
Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 273 млн сомдон ашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.