
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы эми жаңы даректе иш алып барат: Чүй проспектиси 168.
Бөлүмдөр экинчи кабатта жайгашып, ар бир багыт боюнча өзүнчө кабинеттер бөлүнгөн. Ижара акысын төлөө, муниципалдык жерлерди башкаруу, жеңил конструкциялар, ижарага берүү жана документтерди каттоо сыяктуу негизги кызматтар мурдагыдай эле ишин улантат.
Жарандар үчүн кызмат көрсөтүү жаңы имаратта улантылып, бардык кабыл алуу жана документ иштерин жүргүзүү шарттары сакталган.