
Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки тилкеси убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды.
Чектөө канализация коллекторун орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштерине байланыштуу киргизилди. Долбоордун алкагында диаметри 600 мм болгон түтүк орнотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тургундардан жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранып, жол каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.



