
Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия жер участокторун легалдаштыруу маселелери боюнча 33 жыйын өткөрдү.
Анын алкагында 1 707 көйгөйлүү контурдун 901 схемасы каралып, 84 контур боюнча чечим кабыл алынды. Чечимдер Бишкек шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы айрым аймактар боюнча чыгарылган.
Белгиленгендей, жерлерди легалдаштыруу боюнча акыркы чечимдер жергиликтүү комиссиялар — райондук администрациялар жана шаар мэриялары тарабынан кабыл алынат. Ал эми мамлекеттик комиссия өзгөчө учурларды карайт.
Бул багыттагы иштер уланууда.



