
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн атайын байланыш борборун (call center) ишке киргизди.
Жаңы сервис ыкчам маалымат берүү, практикалык жардам көрсөтүү жана министрлик менен түз байланыш түзүү максатында уюштурулду. Ал фермерлерге мамлекеттик программалар боюнча так маалымат алууга жана айыл чарба тармагындагы маселелерди ыкчам чечүүгө жардам берет.
Call-борбор төмөнкү багыттар боюнча кеңеш берет:
мамлекеттик колдоо (жеңилдетилген насыя, субсидия, лизинг);
суу ресурстары жана ирригация;
өсүмдүк өстүрүү, коргоо жана карантин;
мал чарбасы, ветеринария жана асыл тукум иши;
продукцияны кайра иштетүү, сактоо, сертификаттоо жана экспорт.
Байланыш үчүн 1210 кыска номери иштейт. Чалуулар өлкөнүн бардык аймактарынан жана бардык операторлордон жеткиликтүү. Call-борбор иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алат.
Бул демилге министрликтин мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылуу жана агроөнөр жай тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү багытындагы ишинин бир бөлүгү.



