
«Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө» мыйзамдын негизинде өлкөдө асыл тукум мал чарбасын санариптештирүүгө багытталган бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системаны түзүү пландалууда.
Жаңы система асыл тукум малдар боюнча маалыматтарды чогултуу, эсепке алуу, иштеп чыгуу жана сактоону камсыздайт. Ошондой эле асыл тукум продукцияларына электрондук паспорт берүү мүмкүнчүлүгү киргизилет.
Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институту, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүү борбору жана «Агросмарт» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жүргүзүлөт. Учурда жумушчу топ түзүү иштери башталды.
Демилге мал чарба тармагындагы санариптик башкарууну өнүктүрүүгө жана асыл тукум малдын сапатын жогорулатууга багытталган.



