
Бишкек шаарында белгиленген талаптарга жооп бербеген жарнамалык конструкциялар жана интернет-кабелдерди демонтаждоо иштери башталды. Бул иш-чаралар шаардык дизайн-кодду киргизүүнүн экинчи этабынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулушу боюнча башкы башкармалыктын адистери шаардык кызматтар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бекитилген дизайн-кодго туура келбеген фасаддык конструкцияларды алып салуу боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берип жатышат.
Ушундай эле иштер Киев, Токтогул, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө да улантылат.



