
Бүгүн, 15-апрелде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын жаштар арасындагы биринчилиги жана чоңдор арасындагы чемпионаты старт алды.
Салтанаттуу ачылыш аземде спортчулардын парады өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев, кикбоксинг федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 307 спортчу катышууда. Чемпионат 18-апрелге чейин уланат.



