
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар Бишкекти өнүктүрүү, муниципалдык деңгээлдеги кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл бизнес менен кызматташтыкты күчөтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бурулду.
Ошондой эле экологиялык туруктуулук, шаардык инфраструктураны модернизациялоо жана транспорт системасын өнүктүрүү маселелери каралды.
Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.