
“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы 16-апрелде Бишкек–Ош багытындагы MN-15 каттамында кошумча үйлөө системасы иштеп кеткен учур боюнча маалымат берди.
Учуу маалында экипаж салондогу басым системасында өзгөрүү болгонун аныктап, регламентке ылайык учактын бийиктигин пландуу төмөндөтүп, бардык зарыл чараларды көргөн. Жүргүнчүлөр кычкылтек менен камсыздалып, система штаттык режимде иштеген.
Учуу коопсуз аяктап, учак аман-эсен конду. Жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнө зыян келтирилген жок.
Учурда аба кемеси кошумча техникалык текшерүүгө жөнөтүлүп, окуянын себептери иликтенүүдө. Авиакомпания жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, коопсуздук башкы артыкчылык бойдон каларын белгиледи.