
Бишкек шаарындагы Киев көчөсү 206 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй расмий түрдө пайдаланууга берилди. Тиешелүү актты министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин өкүлдөрү тапшырды.


Бул үй 15 жыл мурда “КЭП Строй” компаниясы тарабынан курулганына карабастан, пайдаланууга берүү маселеси чечилбей келген. Натыйжада тургундар батирлерин өз атына каттай албай, документ алуу жана коммуналдык кызматтар үчүн жогорку тарифтерди төлөө сыяктуу көйгөйлөргө туш болушкан.
Эми турак үй расмий кабыл алынып, жашоочулардын бардык укуктук жана коммуналдык маселелери чечилери белгиленди.
Белгилүү болгондой, Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылдан тарта өлкө боюнча көйгөйлүү көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.







