
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу иштердин алкагында Талас шаарындагы мамлекеттик мекемеде жасалма жумушка орноштуруу фактысы аныкталды.
Маалым болгондой, 2012-жылдан 2026-жылдын март айына чейин Талас облусунун тургуну П.Е.Т. Талас шаарындагы медициналык колледжде кызматкер катары каттоодо турган. Бирок ал кызматка расмий дайындалганы менен иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарган эмес.
Ошого карабастан, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында ага иш убактысын эсепке алуу табелдери жасалма түрдө толтурулуп, айлык акы үзгүлтүксүз эсептелип турган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголду.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген алдын ала зыян 1 млн 492 миң 335 сомду түзгөнү аныкталды.
Учурда бардык жагдайларды тактоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.