
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты. Иш-чара анын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Президент сөзүндө билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, Ош шаарындагы мектептердин жетишсиздиги олуттуу көйгөй болуп жатканын айтты. Учурда 70 мектепте 100 миңден ашуун окуучу билим алып жатканы менен, орун тартыштыгы байкалууда.
Жаңы 10 мектептин курулушу Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен дагы 5 мектеп курулуп жатат. Жалпысынан 15 мектеп пайдаланууга берилсе, шаардагы орун тартыштыгынын 20–22%ы жабылары күтүлүүдө.
Мектептер жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлүшү пландалууда.
Ош шаарында жалпы 10 билим берүү объектинин курулушу башталды, анын ичинде жаңы мектептер жана кошумча окуу корпустары бар.