
2026-жылдын 9-апрелинде түнкү рейд учурунда милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен бир жарым жаштагы баланын өмүрү сакталды.
видео
Курманжан Датка менен Чугуев көчөлөрүнүн кесилишинде жаран милицияга кайрылып, баласынын абалы кескин начарлап, тырышып, эс-учун жоготуп жатканын билдирген.
Күзөт кызматкерлери дароо чара көрүп, баланы ата-энеси менен бирге кызматтык унаа аркылуу №3 балдар ооруканасына жеткиришкен. Ал жерде дарыгерлер өз убагында медициналык жардам көрсөтүштү.
Натыйжада наристенин өмүрү сакталды. Ата-энеси милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.