
2026-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун үч мүчөсү кармалды.
Маалыматка ылайык, кармалгандар экстремисттик идеологияны жайылтуу жана жаңы жактоочуларды тартуу менен алектенип келишкен.
Алардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда «Хизбут-Тахрир» уюму тарабынан чет өлкөлөрдө басылып чыккан адабияттар жана башка материалдар алынган.
Учурда кармалган жарандарга карата тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда.