
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ФАО уюмунун Башкы директору Олег Таджмаматович менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган көп жылдык стратегиялык кызматташтыгы үчүн ФАОго ыраазычылык билдирди.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ФАОнун жалпы суммасы 35 млн АКШ долларын түзгөн 13 улуттук долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоорлор мал чарбачылыгын жана багбанчылыкты өнүктүрүү, органикалык айыл чарба, суу ресурстарын башкаруу, санариптештирүү, биокоопсуздук жана жашыл инвестициялар багыттарын камтыйт. Өлкө ошондой эле уюмдун аймактык жана глобалдык демилгелерине активдүү катышууда.
Министр ФАОнун командасынын жогорку кесипкөйлүгүн белгилеп, айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган кызматташууну мындан ары да чыңдоого ишеним билдирди.