
Бишкекте унаа жолдо өзүн агрессивдүү алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
видео
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы жаран Фучик көчөсүндө колуна темир буюмду кармап алып, башка жаран менен мушташууга аракет кылып, коомдук тартипти одоно бузган.
Аталган факт боюнча ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Шектүү райондук сот тарабынан 5 суткага камакка алынган.