
Нарын облустук милициясы Ийри-Суу айылында өз өмүрүн кыйды делген 7-класстын окуучусу боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя 1-апрелде катталган. Алдын ала маалымат боюнча, 2012-жылы туулган окуучу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алгандыгы аныкталган.
Маркумдун жансыз денесине тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары улантылууда.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Нарындын Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганын билдирген.