
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген жаранды кармады.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, контртеррордук иш-чаралардын алкагында 2026-жылдын 1-апрелинде Ю.В. аттуу жаран аныкталып, кармалган.
Ал террордук уюмдардын идеологиясын колдоп, Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын жактаганы белгилүү болгон. Маалыматка караганда, шектүү чет өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн учурда террордук ишмердүүлүктү каржылоого катышкан эл аралык уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылган.
Мындан тышкары, ал чет мамлекеттердеги согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине барып, мурда КМШ өлкөлөрүндө резонанстуу террордук актыларды уюштурган уюмдун башчысына кошулууну пландаганы аныкталган.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК жарандарды террордук уюмдардын ишине катышуу жана аларды каржылоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.