
Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алат. Ири мелдешке 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медаль ойнотулат.
Жарыштын алгачкы күнү грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар килемге чыгат. Алардын катарында:
55 кг — Улан Муратбек уулу,
63 кг — Автандил Таалайбеков,
77 кг — Акжол Махмудов,
87 кг — Асан Жанышов,
130 кг — Роман Ким.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталары белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Азия чемпиондугу 6-12-апрель күндөрү Бишкектеги “Жаштык Аренада” өтөт. Мелдеште балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.