
Кыргызстандык мушкер Ихтияр Нишонов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Ahmet Cömert” атындагы эл аралык бокс турниринде алтын медаль утту.
Ал 70 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, финалдык беттеште австралиялык Уильям Млачичди жеңип чыкты.
Нишонов мелдешти 1/8 финалдан баштап, Азербайжан, Түркия жана Германия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн утуп, финалга чейин ийгиликтүү жетти.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, турнир 29-мартта башталып, 5-апрелде жыйынтыкталды.