
.
Бишкек шаардык милициясы мечитте уурулук кылган деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, окуя 27-январда орун алган. Милицияга кайрылган жабырлануучу мечиттен баштыгын уурдатып жибергенин билдирди. Бул факт боюнча "Уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада 2008-жылы туулган С.А. аттуу шектүү кармалды. Тергөө иштери уланууда.







