
.
Бүгүн, 23-январда, Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Спартак айылында өрттөнгөн унаадан табылган 15 жаштагы мектеп окуучусу акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Айыл тургундарынын айтымында, кырсык 19-январга караган түнү болгон. Эртең менен, 20-январда өрттөнгөн унаадан 15 жаштагы кыз жана 26 жаштагы айдоочу жигит табылган.
Маркум кыздын мектепте жакшы окуган, мээримдүү жана үлгүлүү окуучулардын бири экенин айылдаштары белгилеп, көңүл айтышты.
Бул окуя боюнча тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин улантууда.








